ТИМ Израилдин Газадагы ооруканага кол салуусу боюнча билдирүү таратты

ТИМ Израилдин Газадагы ооруканага кол салуусу боюнча билдирүү таратты

Тышкы иштер министрлиги дүйнөлүк коомчулукту Израилдин  Газадагы «Аль-Ахли» ооруканасына кол салуусун ар тараптуу иликтөөгө чакырат. Бул тууралуу тышкы саясат мекемесинин билдирүүсүндө айтылат.

Кыргызстан Палестинанын тынч тургундарынын арасында бир нече жүздөгөн өлүмгө алып келген аскердик чабуулду сынга алып, Израил эл аралык гуманитардык укукту бузганын белгилейт.

ТИМ эки тарапты тең жай тургундарга зордук-зомбулук көрсөтпөөгө чакырат.

Эскерте кетсек, 7-октябрда Палестина менен Израилдин ортосунда кайра кагылышуу күчөдү.  Израиль сектор Газаны курчоого алып, тыюу салынган химиялык куралды колдонгону кабарланууда. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, 16-октябрга карата 2 миң 808 киши каза болуп, 10 миң 800 жаракат алды. Набыт болгондордун 64 пайызы аялдар жана балдар. Израил тарап буга чейин Хамастын кол салуусунан 1 миң 400 киши көз жумганын кабарлаган.

Кечээ Израил аскерлери Газадагы ооруканага чабуул жасап, анда 500 киши каза болду.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир топ депутаттар Палестин элине жардам берүүнү сунушташты.

Жогорку Кеңеш Палестин элине жардам жөнөтмөкчү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>