Жарандарды «кылтакка илип», акча опузалаган дагы 2 милиционер кармалды

Жарандарды «кылтакка илип», акча опузалаган дагы 2 милиционер кармалды

Бишкекте маңзат сатып алууну көздөгөн жарандарды «кылтакка илип», акча опузалаган дагы эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК, баңгизат сатып алууну көздөгөн жарандарга Telegram жана WhatsApp аркылуу маңзат сунуштап, кайра аларды кармап, акча опузалоо менен алектенген милиция кызматкерлерин кармаганын кабарлаган. Аталган кызматкерлер кылтагына илинген жарандардан 500дөн 5 миң долларга чейин акча опузалап, болбосо, кылмыш жообуна тарта турганын айтып коркуткан. Жарандардан акча алгандан кийин кылмышты жашырып, шектүүлөрдү кое беришкен. Акыркы 2 жылда ушундай 200дөн ашык факты болгону аныкталган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү), 343-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) жана 262-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыш чөйрөсүн түзүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 5 милиция кызматкери, андан кийин дагы 1 милиционер кармалган.

Аталган иштин алкагында 16-октябрда шектүү катары дагы 2 милиция кызматкери (М.М. жана И.К.) колго тушүрүлгөн. Алардын экөө тең Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери болушат. Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда аталган ишке тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

УКМК ушул сыяктуу кылмыштарга кабылган жарандарды 0312 66 04 75 жана 0708 72 28 01 номерлери аркылуу кабар берүүсүн суранат.

Жарандардан акча опузалаган дагы бир милиционер кармалды, — УКМК

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>