ТИМ жарандарды чет өлкөдөгү шектүү жумуш сунуштарынан сак болууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды чет мамлекеттерде кылмыш иштерине тартуу учурлары көбөйүп жаткандыгын билдирип, сак болууга чакырды.
Мекеменин маалыматында, белгисиз адамдар социалдык тармактар аркылуу өздөрүн иш берүүчү катары тааныштырып, чет жерлердеги жогорку айлык акы төлөнүүчү жумуштарды сунушташат. Алар жарандардын паспортун даярдоого, жол киресине жана башка чыгымдарына алдын ала каражат которушат. Бирок жарандар чет өлкөгө баргандан кийин баңги заттарды таратууга же тыюу салынган буюмдарды ташууга мажбурланып, натыйжада жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан кармалууда.
Бүгүнкү күндө мындай жагдайлар боюнча чет өлкөлөрдө ондогон кыргызстандыктар кармалган. Анын ичинде Беларуста 2026-жылдын акыркы төрт айында эле ондон ашык жаш курактагы адам камакка алынган.
Министрлик жарандарды чет өлкөдө жеңил киреше табуу сунуштарына алданбоого жана мыйзамсыз аракеттерден баш тартууга чакырды. Ошондой эле басым көрсөтүү же коркутуу учурлары болсо, Кыргызстандын укук коргоо органдарына маалымдоо керектигин билдирди.
Чет мамлекетте мыйзамсыз аракеттерге мажбурлоо фактылары байкалса, жергиликтүү полицияга жана ТИМдин Консулдук департаментине кайрылуу сунушталат.