Кыргызстанга Tesla унааларын заводдон түз алып келүү пландалууда

Кыргызстанга Tesla унааларын заводдон түз алып келүү пландалууда

Россия Федерациясынын Expocar ​​стартапынын жетекчилиги Tesla компаниясынын заводдорунан Кыргызстанга, Россияга жана Бириккен Араб Эмираттарына электромобилдерди түз жеткирүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу россиялык RB.RU басылмасы жазды.

«Expocar стартапынын негиздөөчүсү Магомед Алиевдин айтымында, Expocar ​​Tesla заводу менен түз жеткирүү боюнча келишим түздү. Биринчи электромобилдерди бир айдын ичинде жөнөтүү пландалууда. Алгачкы этапта унааларды Кыргызстанга, Бириккен Араб Эмираттарына жана Россияга алып келүү пландалып жатат, бирок келечекте негиздөөчүлөр жеткире турган өлкөлөрдүн санын кеңейтүүнү көздөп жатышат», — деп белгилейт басылма.

RB.RU кошумчалагандай, Expocar ​​– бул 3D конфигураторунун жардамы менен машинаны чогултуп, аны түздөн-түз өндүрүүчүдөн заказ кыла турган онлайн дилердик борбор. Уюштуруучулар долбоордун негизги артыкчылыгы өндүрүүчү менен акыркы сатып алуучунун ортосунда ортомчулардын жоктугу деп аташат.

Эске салсак, өткөн жылы Кыргызстанга 46,6 миллион долларлык 1,7 миң электромобиль импорттолгон. Көбүнчө ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок унаалар Кытай, АКШ, Түштүк Корея жана Литвадан алынып келинген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>