Инновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору болуп өзгөртүлдүКазакстанда эт 1400 сомго, Өзбекстанда 1200 сомго чейин сатылууда — министрБишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды«Ош» аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керекКыргыз мамлекеттик куурчак театры ноябрь айындагы репертуарын жарыяладыЧүй облусундагы 30 мектепке экологиялык таза жылытуу системалары орнотулат
Тогуз партия парламенттик шайлоодон четтетилди
19.08.2020 | 11:01
Күздө өтө турган парламенттик шайлоого катышуу каалосун билдирген 44 партиянын ичинен тогузу жарыштан чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
БШКнын маалыматына караганда Агрардык партия, “Демократ”, Кыргызстан коммунисттеринин партиясы, “Эмгек”, “Бийлик элге”, Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясы, “Бирик”, “Таза коом” жана “Жаратман Эл” партиялары шайлоого катышпайт.
Алардын айрымдары башка партияга кошулган, айрымдары шайлоо фонду үчүн эсеп ачкан эмес.
Саясий партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоосу керек. 24-август күнү кечке чейин талапкерлердин тизмеси боюнча документтер БШКга тапшырылып, 4-сентябрга чейин тактоо иштери аякташы керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат