Тогуз-Торонун тургуну 28 кг баңгизат менен кармалды

Тогуз-Торонун тургуну 28 кг баңгизат менен кармалды

Тогуз-Торо районунун тургуну 13 кг гашиш жана 15 кг марихуана менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 22-август күнү “А” аттуу белгисиз жаран Тогуз-Торо районунун аймагында баңгизаттарды сатуу, сактоо менен алектенип жүргөндүгү жөнүндө ыкчам маалымат алынган.

Аталган маалымат боюнча ыкчам иш-чара уюштурулуп, Тогуз-Торо РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Ушул жылдын 26-август күнү Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда Тогуз-Торо районунун Атай айылынын тургуну 1974-жылы туулган А.К. кармалып, андан 13 кг жакын гашиш баңгизат каражаты алынган. Мындан аркы атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда анын өзү жашаган үйүнөн болжолу менен 15 кг түзгөн марихуана баңгизат табылып алынган.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган бангизаттар жалпы салмагы 13 килограмм 16 грамды түзгөн гашиш жана 15 килограмм 13 грамм марихуана баңгизат каражаты болгон.

Кармалган жаран Тогуз-Торо РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча иш-чара жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>