Кыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайтСузакта курулушу токтоп калган мектеп, бала-бакчаларды куруу иштери кайра жандандыОш шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулатКыргызстанга документтери жок 400 граммга жакын алтын жана 2 кг күмүш алып кирүүгө аракет кылышкан
Токаев менен Бердымухамедов Кыргызстанга келишти
31.07.2026 | 13:57

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов «Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Азербайжандын президентинин бейформал консультативдик жолугушуусуна» катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Жолугушуу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу меймандарды Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Жолугушууда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлери аймактык кызматташтыкты, ошондой эле соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана өз ара кызыкчылык жараткан башка багыттардагы кызматташууну талкуулашат.
Теги: Официальные визиты