Кыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелер
Төкмө акын Нурайым Бактыяр кызы Монголиядагы айтышта 3-орунду ээледи (видео)
27.11.2023 | 13:43
Төкмө акын Нурайым Бактыяр кызы Монголияда өткөн эл аралык айтышта 3-орунду ээледи. Бул тууралуу “Манас” кыргыз улуттук театрынан билдиришти.
Эл аралык айтыш белгилүү акын, жазуучу, коомдук ишмер Мурат Пушатай уулунун 70 жылдык мааракесине арналып “Бай өлкөм – баш бешигим” аталышында өткөн.
Айтыштын финалы 26-ноябрда болуп, Нурайым Бактыяр кызы 3-орунга татыган. Ошондой эле акын кызга 1,5 млн тугрик (38,3 миң сом) акчалай сыйлык тапшырылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз