БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Токмокто жаш балдар арасында мушташ болду. Милиция эмне дейт?
30.05.2023 | 11:20
Токмок шаарында жаш балдар арасында мушташ болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-майга караган түнү болжол менен саат 00:30да Токмок шаарынын 1-кичирайонундагы №8 үйдүн короосунда 8-9 жаш бала ортодо чыккан келишпестиктен улам мушташып кеткен.
Аталган факт милицияда каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
“Текшерүү учурунда, мушташка катышкан балдардын бардыгы аныкталып, көрсөтмө алуу үчүн шаардык милицияга алынып келинген. Алар сурак алуу учурунда эч кандай жаракат албагандыгын билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышкан”, – деп билдиришти милициядан.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз