Токмокто тигүү машинесин уурдап кеткендер кармалды

Токмокто тигүү машинесин уурдап кеткендер кармалды

Токмок шаарында кийим тигүүчү машиналарды уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул туурасында Чүй облусттук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-ноябрь күнү Токмок шаардык милициясына А.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрынан 11-ноябрга чейинки убакыт аралыгында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан тигүү цехинен 4 даана кийим тигүүчү машиналарын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 130 миң сомду түзгөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, 33 жаштагы Д.М. жана 32 жаштагы А.У. аттуу жарандар жогорудагы кылмышка шектүү катары кармалышып, Токмок шаардык тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>