Дүйнөлүк банк Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну улантууга даярКыргызстанда KOICAнын колдоосу менен соода-логистикалык борбор курулатQazETA азырынча КР жарандары үчүн милдеттүү эмес — Казакстанга кирүү боюнча ТИМдин түшүндүрмөсүКыргызстанда балдарга түнкүсүн антикафе жана антикинолорго барууга тыюу салуу сунушталуудаТажрыйба алмашуу, кызматташтыкты кеңейтүү: Бишкекте Казак медицинасынын күндөрү башталдыБашкы прокуратура оор жүк ташуучу унааларды өткөрүүдөгү коррупциялык схеманы аныктады
Токмокто тургунду талаага алып барып, сабашкан. Шектүүлөрдүн бири кармалды
06.11.2024 | 10:11
Чүйдүн Токмок шаарында адам уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 1-октябрда Токмоктун милициясына шаар тургуну (Т.М.) арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 30-сентябрда кечки маал Токмокто эки адам аны темир түтүктөр менен сабап, андан кийин унаага отургузуп, Ак-Бешим айылындагы талаага алып барган. Ал жактан да аны ур-тепкиге алышкан.
Аталган факт боюнча “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сабалган жарандын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн экспертиза дайындалган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы жаран (М.С.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө уланып, экинчи шектүүнү издеп-табуу иштери жүрүүдө.