Токмокто зордукталган өспүрүм кыз өз жанын кыюуга аракет кылган

Токмокто зордукталган өспүрүм кыз өз жанын кыюуга аракет кылган

Токмокто 16 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, зомбулукка кабылган адамга милиция кызматкерлери тарабынан кысым көрсөтүүлөр болууда. Ошондой эле, алар тергөөнүн купуя сырдуулугун бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылбай келет.

“Токмокто зордукталган 16 жаштагы кыздын окуясына токтолсом, учурда иш каралып жатат. Тилекке каршы, милиция кызматкерлери тарабынан соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы ММКга жиберилген. Анда алар тарабынан кыздын жүрүм турумуна терс маанай жаратууга аракет болгон. Бул маалыматтар жарыяланып кеткенден кийин өспүрүм өзүн өлтүрүүгө аракет кылган”, — деди акыйкатчы.

Атыр Абдрахматованын айтымында, укук коргоо кызматкерлери жабырлануучуну коргоонун ордуна, тескерисинче, зордук-зомбулукка кабылган кызга моралдык жактан дагы кысым көрсөтүшөт.

“Ала-Бука районунда 5 жашар кызга ыплас аракеттер болгон факт катталгандан кийин буга байланыштуу видеону тергөөчүлөр жарыялап жиберишкен.  Биз бул боюнча пркуратурага жана ИИМге кайрылганбыз. Тергөөнүн купуя сырдуулугун бузганы үчүн терөөчүлөр жумуштан кетип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек болчу. Бирок, тилекке каршы сөгүш берүү сыяктуу жеңил жаза менен гана чектелип жатат”, — деди акыйкатчы.

Буга чейин Токмокто 16 жаштагы кыз зордукталып, сабалганы маалымдалган. Окуя ушул жылдын 19-июлунда катталган. Кийинчерээк 1993-жылы туулган Ч.Р. жабырлануучуга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүүгө шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>