УКМК ок-дарыларды сактаган чет элдик жаранды кармады    

УКМК ок-дарыларды сактаган чет элдик жаранды кармады     

Кыргызстанда диний-экстремисттик идеологияны үгүттөгөн жана ок-дары сактаган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында анын убактылуу жашаган жеринен ок-дарылар, чет мамлекеттин жаранынын мөөнөтү өтүп кеткен паспорту жана байланыш каражаттары табылып алынды.

Учурда кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ага карата тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>