Ала-Бука: 5 жашар кызга ыдык көрсөткөн кишинин иши тергелип бүттү

Ала-Бука: 5 жашар кызга ыдык көрсөткөн кишинин иши тергелип бүттү

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 5 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип кармалган жарандын иши сотко өтөт. Бул тууралуу Reporter.kg′ге облустук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Нурдин Жээнтаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул боюнча иш тергелип бүткөн.

“Ала-Бука районунда Кылмыш жаза кодексинин 158-беренеси (Ыплас аракеттер) менен козголгон кылмыш иши толугу менен тергелип, бардык тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Учурда соттук-биологиялык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз, ал даяр болору менен иш соттун кароосуна жиберилет”, — деди Нурдин Жээнтаев.

Буга чейин маалымдалгандай, 13-июлда Ала-Бука райондук милициясына беш жашар кызына сексуалдык ыдык көрсөтүлгөнүн айтып, 32 жаштагы жаран кайрылган. Ал бир күн мурун саат 16:00 чамасында кызына 35-40 жаштардагы киши дүкөндөн таттуу сатып берип, андан ары бакка ээрчитип барып сексуалдык ыдык көрсөткөнүн билдирген. 14-июлда Ала-Буканын 40 жаштагы тургуну К.Н. бул кылмышка шектүү делип кармалган.

Окуя болгондон кийин тергөөчүнүн колундагы видео социалдык тармактарга тарап кеткен. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова коомчулукка кайрылып, ал видеону жайылтпоону суранган.

Атыр Абдрахматова Reporter.kg′ге маалымдагандай, алар видеону социалдык тармактарга таратып жиберген тергөөчүнү жоопкерчиликке тартуу боюнча ИИМ менен Башкы прокуратурага кайрылышкан.

“Мыйзам бузуу милиция кызматкери тарабынан болуп жаткандыктан тергөөчүгө чара көргүлө деп Ички иштер министрлигине, Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Ушул жуманын башында ИИМден “текшерүү жүргүзүлүп, тергөөчү тартиптик жазага тартылды” деген жооп келди. Бирок биз ал кандай жоопкерчиликке тартылганы тууралуу так маалымат бергиле деп кайра министрликке кайрылдык”,  — деди ал.

Ошону менен бирге ал Акыйкатчы институту кыздын укугу корголушуна, анын кызыкчылыгы сакталышына көзөмөл жүргүзүп турарын, анын апасы менен байланышта экенин билдирди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>