Токой чарбанын жетекчиси 100 миң сом пара менен кармалды (видео)

Токой чарбанын жетекчиси 100 миң сом пара менен кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук токой чарбасынын башчысын УКМК кызматкерине 100 миң сом пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көчөттөрдү мыйзамсыз кыюу жана аларды жооптуу адамдар тарабынан сатуу фактылары боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча Чаткал районунун токой чарбасынын ишмердүүлүгүнө текшерүү иштери башталган.

Бирок, Чаткал районунун токой чарбасынын башчысы А.К.Д. текшерүү иштерин чечүүгө аракет кылып, кылмыш ишин токтотуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн белгилүү өлчөмдөгү акча каражатын пара түрүндө сунуштаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 6-июлунда А.К.Д. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмышты жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Пара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>