Кыргызстанда пестициддерди лицензиясыз саткандарга айып пул салуу сунушталдыЖККУнун штаб башчысы быйылкы машыгуулар кайсы жерлерде өтөөрүн айтып бердиФорель менен көк чаар балыгына лимиттер: Айыл чарба министрлиги квоталарды бекиттиИра апа Садыр жана Айгүл Жапаровдорду өздөрүнүн атактуу каттамасы менен кантип коноктогонун айтып бердиКытайлык айдоочулар үчүн Кыргызстанга КММ ташып келүү жеңилдетилдиКыргызстанда убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү пландалууда
Токтакунов Биринчи май округу боюнча кайрадан депутаттыкка талапкерлигин койду
30.12.2021 | 09:00
Жактоочу Нурбек Токтакунов кайрадан Бишкектин Биринчи Май округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады.
Эскерте кетсек, Нурбек Токтакунов ушул жылдын 28-ноябрында өткөн шайлоодо буга чейин Биринчи Май районуна талапкерлигин коюп, төртүнчү орунду ээлеген. Райондо шайлоо өткөн жок, анткени шайлоочулардын көпчүлүгү “бардыгына каршы” деген графага (32,92%) добуш берип, Нурбек Токтакунов 11,31% добушка ээ болгон.
Жактоочу кайра шайлоолорго катышуу ниетин шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин эле билдирген.
Ал буга чейин маалымат каражаттарына интервью берип, саясатка келгенин белгилеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат