Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Жалпы республикалык тестирлөө качан болору айтылды
21.04.2025 | 15:28
Жогорку окуу жайларына тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөр 15-майдан 22-майга чейин жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшөт. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, ЖРТга катышуу үчүн дээрлик 54 миң адам катталган.
Билим берүү жана илим министрлигинин Борбордук аппаратынын жетекчиси өткөн жылы педагогикалык жана медициналык адистиктерге кабыл алууда босого балл 120 балл, контракт боюнча 110, бюджет боюнча 115 балл болгондугун эске салды.
Быйыл босого тестирлөөдөн өткөндөн кийин белгиленет», – деди Б.Батракеева.
Рубрики: Жаңылыктар