Токтогулда медициналык борбордун башкы эсепчиси кармалды

Токтогулда медициналык борбордун башкы эсепчиси кармалды

УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгына катталган кылмыш ишинин алкагында, Токтогул райондук жалпы медициналык практика борборунун башкы эсепчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2022-жылдын май айында жогоруда аталган борбор компьютердик кызмат көрсөтүү боюнча тендер жарыялап, анда «Н.Т.О.» аттуу жаран жеңүүчү деп табылган.

Токтогул райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун башкы эсепчисине аткарылган иштери боюнча отчет берилсе дагы, ал 24 миң сом өлчөмүндө «бөлүшүү» акча каражатын талап кыла баштаган.

Кечээ, 9-августа көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында башкы бухгалтер А.М.Ю. кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө жана Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген шек менен КР УКМК  Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Пара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>