Ак илбирсти сактоо: Ысык-Көлдүн токойчуларына жол тандабас берилди

Ак илбирсти сактоо: Ысык-Көлдүн токойчуларына жол тандабас берилди

Бишкекте 25-сентябрда ак илбирсти сактоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык жарым марафону өтөт.

Жарышты Nomad Sport компаниясы уюштурууда. Ага кесипкөй жөө күлүктөр жана спорт сүйүүчүлөрү катыша алат.

Катышуучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга (жарым марафон) чуркашат. Ошондой эле 3төн 11 жашка чейинки балдар үчүн Kid’s Run жарышы өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, өткөн жылдары чуркоону сүйүүчүлордүн старттык кирүү акысынан түшкөн каражаттын олуттуу бөлүгү ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) жумшалган. Тагыраагы, былтыр 3200 күлүк жарышка катышып, андан чогулган акчанын 1 млн сомдон ашыгына жаңы «Нива» үлгүсүндөгү автоунаа сатып алынган.

10-августта иш-чаранын уюштуруучулары ушул жол тандабастын ачкычын КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага тапшырышты.

Келечекте бул унаа Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын токойчуларына тоолуу аймакта жүрүү үчүн өткөрүлүп берилет.

«2021-жылы биз Кыргызстандагы ак илбирстин санын аныктоо үчүн фотокапкаандарды сатып алганбыз. Алар Ак-Суу менен Шамшыда орнотулуп, азыркы тапта андан алынган маалыматтар чогултулуп, иштелип чыгып жатат. Жакын арада Ала-Тоо тоо кыркаларынын аймагында жашаган жырткычтын болжолдуу саны белгилүү болот. Быйыл “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын жумушчулары үчүн жогору жүрүү сапатындагы унаа сатылып алынды. Автоунаа мыйзамсыз аңчылык кылганарга каршы күрөшүү, профилактикалык рейддерди жана оперативдүү иш-сапарларды өткөрүү үчүн колдонулат», — деди ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча Глобалдык программанын катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Кочоров.

Быйыл жөө күлүктөр акчаны ала турган Кыргызстандагы экологиялык уюмду өздөрү тандай алышат.

«Бизге каржылоо боюнча арызын берген уюмдардын ичинен үч негизги долбоор тандалып алынат. Андан кийин эң чоң Snow leopard run иш-чарасына катышуучулар добуш берүү жолу менен жеңүүчүнү тандап алышат. Буга карата билдирмени office@nomadsport.kg дарегине жөнөтсө болот», — дейт NOMAD Sport коомдук фондунун аткаруучу директору Айгерим Моношбекова.

Уюштуруучулар быйыл жарышка беш миңге жакын адам катышарын айтышты.

«Быйылкы жылы биз рекорддук сандагы катышуучулардын катталышын күтүп жатабыз – беш миңге жакын адам Бишкектин борбордук көчөлөрү аркылуу чуркап өтүшөт. Спорттук туризмди жайылтуу биздин алдыга койгон дагы маанилүү максаттарыбыздын бири, — дейт NOMAD Sport уюмунун директору Арслан Малдыбаев.

Спортчуларды каттоо 15-сентябрга чейин уланат. Жарышка катышуунун шарттары тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден алууга болот.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>