Төлөйкан округу: Алимбеков менен Атазов бир пикирге келишти

Төлөйкан округу: Алимбеков менен Атазов бир пикирге келишти

Парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча Төлөйкан районунан ат салышкан талапкерлер Нурбек Алимбеков менен Шайлообек Атазов бир пикирге келишти. Бул тууралуу Reporter.kg’га өздүк булак билдирди.

Өздүк булактын маалыматына ылайык, Алимбеков менен Атазов кечээ кечки саат 8дер чамасында жолугушту.

“Эки талапкер шайлоочуларды, аксакалдарды сыйлап бир пикирге келишти. Шайлообек Атазов Нурбек Алимбековдун колун кармап, шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Алар эки жактын тарапташтарына бирдей мамиле кылышарына дагы сөз беришти”, — дейт ал.

Аталган округ боюнча Шайлообек Атазов шайлоочулардын 17 миң добушун алса, Нурбек Алимбеков 19 миң добушка ээ болгон.

Парламенттин 8-декабрдагы жыйынында Атазов менен Алимбеков №8 Төлөйкөн округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо мыйзамдары бузулганы боюнча бири-бирине айып коюшкан.

Белгилей кетсек, алар учурда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары.

Алимбеков Атазовго: Спортчу болсоң “эркекче” колду кысып куттуктап, утулганды бил

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>