Ошто облус башчысы Жантаев Акжол Махмудовго аргымак мингизди (сүрөт)

Ошто облус башчысы Жантаев Акжол Махмудовго аргымак мингизди (сүрөт)

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев грек-рим күрөшү боюнча балбан, дүйнөнүн эки, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудов менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчулүктөн билдиришти

Жолугушууда Жантаев Махмудовду Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатындагы жана Кытайда болгон Азия оюндарындагы жеңиши менен куттуктады.

«Облус башчысы спортчунун жетишкендиктерин, анын кайраттуулугун, көп жылдык эмгеги желегибизди бийик көтөргөнүн баса белгилеп, Акжол Махмудовго аргымак мингизип, машыктыруучусу Майрамбек Ахмедовго акчалай сыйлык тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>