Бишкекке аймактардан 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылдыМилиция «Мадина» базарындагы өрттүн алдын ала себебин атадыКыргызстандыктарга мүлк салыгын төлөөгө эки күн калдыНазарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалдыАз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн көбү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун ала алатThe Pussycat Dolls тобунун жылдызы Николь Шерзингер Бишкектеги Көчмөндөр оюндарында ырдайт
Тоолуу аймакта жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн
01.08.2024 | 13:08
2-3-август күндөрү тоолуу аймактарда жаан жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ага байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Министрлик жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:
– арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
– турак үй жайгашкан жерде жаан суулары – агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
– Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
– сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
– мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом