Төрага министрге расмий тилде баяндама жасоого уруксат берген жок

Төрага министрге расмий тилде баяндама жасоого уруксат берген жок

Жогорку Кеңештин 15-декабрындагы жыйынында төрага Нурлан Шакиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага расмий тилде баяндама жасоого уруксат берген жок.

Жыйында министр баяндамасын орус тилинде баштады.

Төрага Нурлан Шакиев: “Кечиресиз, орусча баяндама жасаганга кимден уруксат сурадыңыз? Эмне үчүн кыргызча эмес”, деп сөзүн бөлдү.

Динара Кутманова депутаттардан уруксат сураганын айтты.

“Ким уруксат берди сизге?”, — деди төрага.

Министр Динара Кутманованын “төрагадан” деген жообуна, Нурлан Шакиев: “Мен азыр көрүп жатам. Бизде тартип ушундай, баяндаманы мамлекеттик тилде жасашыңар керек. Уруксат сурабай эле, окуп кете бересиңерби? Кыргыз тилинде жасаңыз”, — деди.

Министр айым баяндамасын мамлекеттик тилинде улантты.

Жыйында Бишкектин абасынын булганышы боюнча маселе каралып, анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>