Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Казакстанга барды  

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Казакстанга барды  

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, расмий иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары күтүлүүдө. Ошондой эле Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев жана Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмиль Токтошев коштоп барды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>