Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Төрага Талант Мамытов кызматтан кеткен жок – маалымат катчы
27.09.2022 | 12:58
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматтан кеткен жок. Бул тууралуу Reporter.kg’ге анын маалымат катчысы Ерлан Жаманкулов билдирди.
Ал социалдык тармактарга чыккан “Талант Мамытов убактылуу кызматтан кетти, кызматын убактылуу өткөрүп берди” деген маалыматты төгүндөп, чындыкка дал келбей турганын айтты.
Маалым болгондой, Талант Мамытов Баткен облусуна эл менен жолугушуу үчүн кеткенде өз ыйгарым укуктарын вице-спикер Жамила Исаевага убактылуу өткөрүп берген.
Эскерте кетсек, бүгүн, 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов кызматтан кеткенин билдирген.
Эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Алтынбек Сулайманов иштен кетти
Рубрики: Жаңылыктар, Коом