Төрөбаев: Жер-суу базар мамилелердин объектиси катары каралышы керек

Төрөбаев: Жер-суу базар мамилелердин объектиси катары каралышы керек

Жер жана суу ресурстарын базар мамилелердин объектиси катары карай турган учур келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 12-августта өткөн Жер жана Суу кодекстеринин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңешмесинде билдирди.

Анын айтымында, Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн талабы болуп саналат.

«Жер жана Суу кодекстердин кабыл алынганына 20 жылдан ашык убакыт өттү, ошондуктан учурдун талабына жооп берген мыйзам кабыл алуу керек. Бул кодекстер жерди жана сууну жаратылыш ресурсу катары, ошол эле учурда базар мамилелердин объектиси катары караган ченемдерди камтышы зарыл» — деп белгиледи ал.

Мындан тышкары ал, кодекстерди иштеп чыгууга жылдын аягына чейин убакыт берилгенин айтып, отурумдун катышуучуларын буга олуттуу мамиле кылууга чакырды.  Аны менен бирге мыйзам долбоорунда бири-бирине карама-каршы келген ченемдер бар экенин белгиледи.

Эске салсак, 15-июлда президент Айыл чарба министрлигине Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгууну тапшырган. Ага ылайык аталган кодекстерди иштеп чыгуу боюнча түзүмдөр аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>