Кыргызстанда күн кескин сууктайт

Кыргызстанда күн кескин сууктайт

Кыргызстанда 16-18-февраль күндөрү аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 16-17-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

17-18-февралда абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -7…-12°;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°;

Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9 градус суук болот.

Тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°, тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°; күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>