Ошто милициянын ардагерлери кызматкерлерге насааттарын айтты

Ошто милициянын ардагерлери кызматкерлерге насааттарын айтты

Ички иштер органдарынын ардагерлери, милициянын отставкадагы полковниктери Кемелбек Бердибаев жана Тажибай Кадыркулов Ош облустук милициянын өздүк курамы менен жолугушту.

Облустук милициядан билдиришкендей, жолугушууда ардагерлер милиция кызматкерлерин өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууга, жарандардын кайрылуулары боюнча өз убагында чара көрүүгө чакырган.

«Ардагерлер элге сервисттик тейлөө көрсөтүү, жаңыча ой жүгүртүү, укуктук мыйзамдуулук багытында ар дайым изденүү, кызматтык милдетти абийирдүүлүк менен аткаруу, берген антына жараша чын дили менен кызмат кылуу, жарандардын арыз-даттануулары боюнча  өз убагында канаттандыраарлык иш алып баруу тууралуу кеп кылышты.

Бул иш-чара  өздүк курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, ички иштер органдарынын ардагерлеринин бай тажрыйбасын, насааттарын өздүк курам менен бөлүшүү максатында түзүлгөн иш-мерчемдин талаптарын аткаруу жана Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата  ишке ашырылды», — деп айтылат маалыматта.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>