Туу өзгөрсө паспортту, автоунаа номурун алмаштырыш керекпи? Авторлордун жообу

Туу өзгөрсө паспортту, автоунаа номурун алмаштырыш керекпи? Авторлордун жообу

Мамлекеттик туу өзгөрсө паспорт жана башка документтерди, автоунаалардын номурлары алмаштыруунун зарылчылдыгы жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Улан Примов билдирди.

Анын айтымында, туунун сүрөтү түшүрүлгөн документтер мөөнөтү буткөнчө жарактуу болот.

“Алар тиешелүү деңгээлде, мөөнөтү бүткөнчө толук кандуу иштей берет. Убагы келгенде этабы менен гана алмаштырылат. Мисалы, жаңы купюра чыккан кезде эскилери жүгүртүүдөн алынбайт, акырындап өзү колдонуудан чыгып калат”, — дейт депутат.

Бирок мыйзам долбоорунда мамлекеттик желектин өзгөрүшү менен бюджеттен чыгымдар талап кылынары айтылат.

Улан Примов Америка мамлекеттик туусун 26 жолу, Испания – 8, Россия – 1 жолу өзгөрткөнүн кошумчалады.

Анын айтымында, демилгечилер туунун авторлору менен бирге желектин такталган варианттын иштеп чыгышты.

Белгилей кетсек, авторлордун бири Бекбосун Жайчыбеков желекти өзгөртүүгө каршы чыккан.

Тууну өзгөртүү. Авторлор тактоочу варианттын иштеп чыга элек

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>