«Тууганың ооруканада, акча керек». Милиция шылуундардан сак болууга чакырат

«Тууганың ооруканада, акча керек». Милиция шылуундардан сак болууга чакырат

Бишкек шаардык милициясы телефон аркылуу алдамчылык кылган фактылар көбөйө баштагандыктан, жарандарды сак болууга чакырат.

Милициядан белгилешкендей, көбүнесе шылуундар жарандарга чалганда, тууганы же досу кырсыктаганын же ооруканага түшкөнүн ж.б. айтат. Адам дендароо боло түшкөнүн сезип, дароо акча өөнөй баштайт. Андан кийин чабарман (курьер) жөнөтүп, акчасын алдырып алышат. Көп учурда жарандар акчасын берип койгондон кийин гана алданып калганын түшүнөт.

Мындан улам милиция чоочун адам чалып жатканда («тууганыңмын, досуңмун» ж.б. деп да чалышат) анын айткан сөзүнө көңүл бурууга чакырат. Себеби шылуундар адамдын шаштысын кетирип, ар кандай сөздөр менен басым кылууга аракет кылат. Бул учурда жаран өзүн кармашы керек. Ал турсун чалган адам «эсебиңиздеги акчанын баары жоголуп» кетет деп коркутуп жатса да, анын айткандарын аткарууга шашылбоо зарыл. Эгер сизге шылуундар чалып, алдоо аракетин көргөн болсо, 102 номерине чалыңыз.

«Кошунаңмын, 30 миң сом бере турчу». Чүйдүн тургуну абактагы шылуунга алданып калган

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>