Тууну өзгөртүү. Авторлор жаңы долбоорду иштеп чыгат

Тууну өзгөртүү. Авторлор жаңы долбоорду иштеп чыгат

Мамлекеттик туунун авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге өлкөнүн башкы символдорунун биринин жаңы долбоорун иштеп чыгат. Бул тууралуу бүгүн төрага Нурланбек Шакиев  менен жолугуштууда макулдашылды.

Ага мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик туунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбеков катышты.

Медеткан Шеримкуловдун маалыматында, тууну кабыл алуу учурунда парламентке 700дөн ашуун эскиз жөнөтүлгөн.

Бекбосун Жайчыбеков тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан туунун баштапкы элементтери өзгөрүп кеткен учурлар арбын экенин айтты.

“Баштапкы вариантын кайрадан карап чыгып, концепциясын сактоо менен айрым элементтерине тактоо киргизүүгө байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эмеспиз. Келечекте такталган вариантын тандап алган соң, аны мындан ары өзгөртүүгө жол бербешибиз зарыл. Айрыкча туунун ар бир элементинин так сакталышын көзөмөлдөөбүз кажет”, – деди ал.

Жолугушуу соңунда авторлор 10 күн аралыгында туунун элементтерине тактоо киргизүү маселесин биргелешип кароо менен так вариантын алып келишерин билдиришти.

Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиев менен Улан Примов туудагы күндүн нурларын түз кылып өзгөртүү сунуштады.

Кыргызсандын туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков мамлекеттик туунун авторлору болуп саналат.

Кыргызстандын туусундагы нурларды түз кылып өзгөртүү сунушталууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>