Түн ичинде үч кылмыш жасоого шектүү кармалды. Окуянын чоо-жайы

Түн ичинде үч кылмыш жасоого шектүү кармалды. Окуянын чоо-жайы

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 19 жаштагы жигит каракчылык, опузалоо жана автоунааны уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-февраль күнү болжол менен 20:50дө Каракол шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө дүкөнгө каракчылык болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милициянын тергөө-ыкчам тобу барып, күбөлөрдү суракка алган. Маалым болгондой, белгисиз жигит дүкөндүн сатуучусун айнек бөтөлкөнүн сыныгы менен коркутуп, 2 миң сом акча алып, качып кеткен.

Бир нече сааттан кийин милицияга бир жаран (аял киши) кайрылган. Ал билдиргендей, шаардын көчөлөрүнүн биринде белгисиз жаран артынан келип, мойнуна темирге окшош нерсени такап, акча талап кылган. Ошол учурда көчөдө өтүп бара жаткан адамдарды байкап, кылмыш болгон жерден качып кетткен.

Дагы бир нече сааттан кийин 102 номерине автоунаа уурдалганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Анын айтымында, Daewoo Nexia унаасын от алдырып, бир нече мүнөткө үйүнө кирип кеткенде, белгисиз жигит анын жоктугунан пайдаланып, автоунаасын айдап кеткен.

Аталган үч факт каттоого алынып, шектүүнүн белгилери милициянын мобилдик топторуна маалымдалган. Милициянын посттору шаардын чыга бериштерине коюлуп, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын командалык борборунун видеобайкоо камералары изилденген.

«Каракол шаарынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери бардык жагдайларды иликтеп чыгып, үч кылмышка тең бир эле жарандын тиешеси бар экендигин ыкчам түрдө аныкташкан», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, көп өтпөй милиционерлер шектүүнү колго түшүрүшкөн. Ал Каракол шаарынын 19 жаштагы М.К. аттуу тургуну болуп чыккан.

Аталган факттар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207 (Каракчылык), 208 (Опузалоо) жана 211-беренелеринин (Автомототранспорт каражаттарын уурдоо) негизинде кылмыш иштери козголгон.

Шектүү эки айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>