Президент көп кабат үйлөр тууралуу: Кандай салынганын Кудай өзү билет

Президент көп кабат үйлөр тууралуу: Кандай салынганын Кудай өзү билет

Кыргызстанда акыркы 10 жылда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн кандай салынганын бир Кудай өзү билет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстанда курулган көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты жөнүндө айтып жатып билдирди.

Сөз башында Жапаров Түркия элине жана президентине көңүл айткан.

«Түрк боордошторубузга Кудай чоң сыноо берди. Жамандыктын артында бир чоң жакшылык бар экенин унутпашыбыз керек. Ошондуктан түрк боордошторду сабырдуулукка чакырам. Кудай кайтыш болуп кеткендерге бейишинен орун берсин деп тилейм. Түркия элинде оор жоготуу болду. Кесиптешим Эрдоган мырзага терең кайгыруу менен көңүл айтам. Белди бекем бууп, кайрат кылуудан башка арга жок. Түркияга барып, бетме-бет жолугуп көңүл айтып келсек жакшы болот эле. Бирок ансыз деле кабыргасы кайышып, аза кайгысын тартып, эл камы үчүн күнү-түнү жан үрөп, чолоосу тийбей жаткан маалда жүк болуп, тоскоолдук жаратпайлы дедим. Президенттердин барганы тосуп алган тарапка да өзүнчө эле бир түйшүк болот», — деди ал.

Сөзүн улай президент Бишкекте курулган көп кабаттуу үлөрдүн сапаты тууралуу оюн айткан.

«Эми бизде салынган көп кабаттуу үйлөргө токтоло турган болсок, биз дагы «Кудай өзүң сакта» деп жашагандан башка аргабыз жок. Союз чачырагандан берки акыркы 32 жылда бир топ көп кабаттуу үйлөр салынды. Союз маалында көзөмөл жакшы болчу. Андан бери көзөмөл начарлады. Айрыкча акыркы 10 жылда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн кандай салынганын бир Кудай өзү билет. Эгер кулап калса, анда жашаган адамдардын убал-сообу ошол үйлөрдү салган адамдардын, буга чейинки Мамкурулушка тиешелүү архитекторлордун абийиринде калат», — деди Жапаров.

Анын айтымында, 2020-жылдан тарта көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча иштер иретке салына баштаган.

«Көзөмөлдү күчөттүк. Кечээ жакында Мамлекеттик курулуш мекемесин реформа кылдык. Мындан ары «бир терезе» болот. Архитектураны Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына берип, Бишкектин ичиндеги курулуштарды ирээтке келтиргиле дедик. 2020-жылдан бери Бишкектин ичиндеги көп кабаттуу үйлөрдөн 64 батирди мэрияга алдык. Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) өткөрүп берип жатабыз. МИК аркылуу кезекте турган элге 20-25 жылга ипотекага беребиз. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын ичинде бүгүнкү күндө 74 көп кабаттуу үй мыйзамсыз салынган экен. Жерлери трансформациядан өткөн эмес. Беш жылга ижарага деп алып алышып, көп кабаттуу үйлөрдү салып, сатып жиберишкен. Азыр эл жашап жатат. Кызыл сызыкка салынган үйлөр да бар. Андан сырткары, келишим менен мэриядан жер алып жатканда квартиралардын 10 пайызын беребиз деп жерлерди алып алышып, бирок бир дагы батир бербегендер бар экен. Алардын баары азыр эми мыйзамдаштырып бергиле деп кайрылып жатышат. “Макул биз мыйзамдаштырып берели, бирок сапатын өз мойнуңарга аласыңар. Абийир соту силердин мойнуңарда” деп жатабыз. Сүрдүрүп салалы десек эл жашап жатат. Элде эмне күнөө? Убагында кызылдай акчага сатып алышкан да.

Кыскасы мурдагы мэрлер, мамкурулуш, архитектура кызматкерлери аман эле болушсун. Өздөрү кошо коррупцияга кекиртегинен батып кетишкен экен. Азыр эми биз алардын “кирин” тазалап жатабыз. Эми буга чейин салынып баштап бирок анча-мынча бүтпөй калган үйлөрдү гана, эгер кызыл сызыкка кирип кетпеген болсо, аягына чыгарганга уруксат беришибиз мүмкүн. Мындан ары башаламан курулуштар болбойт жана жаңы салынып жаткан көп кабаттуу курулуштардын сапаты толук мамлекеттин көзөмөлүнө алынды», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>