Тыныбекова: Турмуш курайын дегем, чоң спорт коё бербей жатат (ВИДЕО)

Тыныбекова: Турмуш курайын дегем, чоң спорт коё бербей жатат (ВИДЕО)

Бириккен күрөш дүйнөсү уюму кыргыз спортчусу Айсулуу Тыныбекова менен маек курду. Маекти өзүнүн расмий ютуб каналына жарыялады.

Анын 12 мүнөткө чукул  видео маегинде Тыныбекова өзү туурасында жана ички сезимдери менен бөлүшкөн.

«Күрөш спортунда жүргөндө  жашоомду, жаштыгымды жоготуп жаткандай сезиле берчү эмнегедир. Жеңилүү ызаларын тартып калган учурлардан кийин менден мыкты спортсмен чыкпайт деп дагы ойлойт элем. Бирок, менин машыктыруучум жеңилүүлөрдү  чоң ийгиликтерге ачыла турган жол катары айтып, дем берип турчу… Бул дем жан дүйнөмө чоң ишеним жаратып,  үмүттү бекемдеп турду.  Ошого карабай  “менден мыкты спортчу чыкпайт” деген түпөйүл ой дайым жашачу.

2017-жылы Дүйнөлүк чемпиондугунда  колумдан алган жаракатыма карабай  беттешке чыктым. Ал беттеште коло байге алгандан кийин кадимкидей чоң ишеним пайда болду да, жараатыман арылсам Дүйнө чемпиону болоорума толук ишеним жаралды”  — деди балбан кыз.

Муну менен катар Токио Олимп оюнунда күмүш байгеге жетишин сыймыктануу менен айтаарын белгилеген.

«Кыргызстанда кыздар арасында биринчи спорттон байге алган мен болдум. 2016-жылы ошол Олимп оюндарында коло медалга да ала жеткен эмесмин. Менимче, өткөндөн сабак алганды билишибиз керек экен. Өткөн күндөрдү артка кылчайып анализдеп, андан ары жашообузду улантышыбыз керек. Жеңилүүлөрдү көтөрө билишибиз зарыл. Жашоо — бул күрөш. Ар бир адам өз алдынча күрөшөт. Олимп оюндарында алтын албай калгандагы сезимдеримди ошол эле күнү жок кылдым, ал эми күмүш медалды алтындан жогору кабыл алдым. Анткени, Кыргызстан, кыргыз эли мени колдоду. Кайсыл жерде, канчанчы орун алсаң да, адам бойдон калышың керек. Мен ойлогондон да абдан чоң колдоо таптым. Чынында оюндун алдында алтын медаль алам деп ишенгем. Алтын медалды багындырган соң, спорттук карьерамды жыйынтыктап турмушка чыгып, өзүмдүн жеке иштерим менен алек болоюн дегем. Бирок, чоң спорт мени коё бергиси келбей жатканын билдим. Мен ошол үчүн жеңил кабыл алдым. Баарын салмактап көрүп, кийинки Олимпиадага катышайын деп чечтим», — деди спортчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>