Түркия: 70 сааттан кийин куткарылган баланын сагыз сураган видеосу

Түркия: 70 сааттан кийин куткарылган баланын сагыз сураган видеосу

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин Адыяман шаарында урандылардын алдында 70 саат жаткан 7 жаштагы Ахмет Эрдеми куткарылды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазды.

Куткарылган бала медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, ооруканага жеткирилген.

Куткаруу учурунда тартылган видеодо айтылгандай, бала урандынын алдынан чыгарып жатканда куткаруучулардан сагыз сураган. Куткаруучулар баланы жооткотуп, сагыз, шоколаддуу нан да бар экенин айтып жатат.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 12 миң 873 киши каза таап, 62 миң 937 адам жараат алды. Сирияда 2662 киши каза болуп, 4 миңдей тургун жабыркады.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Алар Түркиянын Кахраманмараш шаарында иштөөдө. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөтөрү кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>