Эки өспүрүмдү зордуктоого шектелген пенсионердин иши тергөөдө

Эки өспүрүмдү зордуктоого шектелген пенсионердин иши тергөөдө

Токмок шаарында 12 жана 14 жаштагы кыздарды зордуктоого шектелип кармалган 80 жаштагы адамдын иши жакын арада сотко жиберилет. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кошумча дайындалган комплекстүү эскпертизанын жыйынтыгы менен ишти сотко жөнөтөт.

«Соңку комплекстүү экспертиза калган. Жакынкы күндөрү анын жыйынтыгы чыгып, ушул айда иш сотко жөнөтүлөт», — деп билдиришти милициядан.

Учурда шектүү тергөө абагында камакта.

Эскерте кетсек, былтыр 19-декабрда Токмок шаардык милициянын башчысына балдар иштери боюнча инспектор рапорт менен кайрылып, 12 жаштагы кыздын боюнда болгону тууралуу факт аныкталганын билдирген.

Белгилүү болгондой, анын 8 айлык боюнда болгон. Бир күндөн кийин милицияга 35 жаштагы аял кайрылып, Токмок шаарынын 80 жаштагы Д.В. аттуу тургунуна чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, ал 12 жана 14 жаштагы кыздары менен жыныстык катнашка барган.

Бул  фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык сотунун чечими менен 31-декабрда шектүү эки айга камака алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>