Түркия кыргызстандык бейтаптарга бөлүнгөн квотаны кайра жанданта элек

Түркия кыргызстандык бейтаптарга бөлүнгөн квотаны кайра жанданта элек

Түркия кыргыз жарандарына оор операцияларды жасоого бөлүнгөн квотаны кайра жанданта элек. Бул боюнча Reporter.kg’ге Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, Түркия 2014-жылдан тарта келишимге ылайык кыргызстандык бейтаптарга оор операцияларды бекер жасап келген. 2020-жылы пандемияга байланыштуу квота токтотулган.

“Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин Түркияга болгон акыркы сапарында кыргызстандык бейтаптарды кайра кабыл алууну баштоо макулдашылды. Бирок азырынча аны ырастаган кагаздар келе элек. Келишимге ылайык квота боюнча Кыргызстанда жасалбаган операциялар гана жүргүзүлөт. Азыр биз бөйрөктү алмаштырып баштадык. Алдыда боорду трансплантациялоону дагы ишке ашыруу пландалууда”, — дейт Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Кыргыз жарандарынын Түркияда арзандатуу жолу менен дарыланууга дагы бир мүмкүнчүлүгү бар.

“Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жарандарына мамлекеттик ооруканалар жеңилдиктерди беришет. Ал үчүн бейтап Кыргызстандын элчилигине кайрылып, ал жерде атайын маалымкат алат. Аны менен камсыздандырылбаган бейтап катары дарылана алат”, — мекеме.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>