Түркиядагы шайлоо: Эрдоган менен Кылычдароглу 50% чектен аша алган жок

Түркиядагы шайлоо: Эрдоган менен Кылычдароглу 50% чектен аша алган жок

Түркияда 14-майда өткөн президенттик шайлоодо талапкерлердин бири да биринчи айлампада жеңишке жетүүгө мүмкүндүк берген 50% чектен аша алган жок.

Маалым болгондой, бюллетендердин 98,48% саналып бүткөндөн кийинки алдын-ала жыйынтыктарга ылайык, азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган шайлоочулардын 49,34%ын, анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 45% добушун алууда.

Ошол эле маалда Кылычдароглу азырынча алдын ала жыйынтыктар менен макул эмес экенин, алты партиядан турган оппозициялык альянстын эсебинде Эрдоган артта калып жатканын билдирүүдө.

Эгер алдыда келаткан эки талапкер тең шайлоочулардын 50%дан көбүнүн колдоосуна ээ боло албаса, Эрдоган менен Кылычдароглу 28-майга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн.

Түркиялык шайлоочулар жекшембиде парламенттик шайлоого да добуш беришти. Парламенттеги 600 орун үчүн жалпысынан 24 саясий партия ат салышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>