Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Түркияда иштеген мигранттарга ипотека алуу шарттары түшүндүрүлдү
18.03.2024 | 14:58
16-17-март күндөрү Стамбулдп Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү биздин мекендештер менен жолугушуп алар үчүн жеңилдетилген шарттар менен ипотекага турак үй алуу мүмкүнчүлүгү туурасында айтып беришти. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Маалыматка караганда, мигранттар кызыгуу артып, курулуштун жүрүшү, сапаты жана кайсы аймактардан ипотекага үй алса болоору боюнча суроолорду беришти.
Мигранттар турак үйдүн баасынын жарымын баштапкы төлөм катары төлөп, калган 50 пайызын 15 жылдык мөөнөткө 8% менен ипотекага ала алат.
Мамлекеттик ипотекалык компания учурда 9 миңден ашуун батирдин курулушун каржылап, 20 миңден ашуун батирдин долбоордук-сметалык документациясы жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар