Түркияда куткаруучулар уранды алдынан 150 миң доллар табышты

Түркияда куткаруучулар уранды алдынан 150 миң доллар табышты

Орусиянын издөө-куткаруу тобу Түркияда урандылардын астынан табылган 150 миң долларды жергиликтүү полицияга тапшырды. Бул тууралуу орусиялык ЖМК Anadolu басылмасына шилтеме берип билдирди.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, катуу жер титирөөдөн кийин урандыларды тазалоо иштеринде орусиялык куткаруучулар жүз долларлык купюралар салынган идишти табышкан.

«150 миң доллар жергиликтүү полицияга өткөрүлүп берилди», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда каза болгондордун саны 31,6 миңден ашты.

Президент Режеп Тайып Эрдоган жаратылыш кырсыгынан каза болгондор үчүн Түркияда жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>