Кемпир-Абад иши: Равшан Жээнбеков жеке клиникага жаткырылды

Кемпир-Абад иши: Равшан Жээнбеков жеке клиникага жаткырылды

Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчы Равшан Жээнбеков жеке клиникага жаткырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, №1 тергөө абагында камакта отурган Жээнбеков 14-февралда пландык дарылануу үчүн жеке клиникага жаткырылган.

Саясатчынын тарапташтары билдиргендей, ал боорун дарылатуу үчүн клиникага которулган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Буга чейин аталган иш боюнча камалгандардан Мамбетжунус Абылов менен Перизат Суранова ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>