Жыл башынан бери Ысык-Көлдөн дээрлик 35 чакырым браконьердик тор чыгарылдыКыргызстан жана Евразия өнүктүрүү фонду энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтетЫсык-Көлдө Аю-Төр капчыгайында сел 75 адамды камап калдыКаржы министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы чыгарылдыБишкек мэриясы «Олд Бишкек» комплексинин соода объектилерин мөөр басып жапты — эмне болду?Кыргызстан тигүү тармагын модернизациялоо үчүн жапон технологияларын изилдөөдө
Түркияда кыргызстандык аял каза болду
03.08.2023 | 21:30
Анталья шаарында жолдон өтүп бараткан кыргыз аялды автоунаа коюп кетип, каза болду. Бул тууралуу Түркиянын маалымат каражаттары жазып чыкты.
Окуя Кепез районунда болгон. 30 жаштагы А.Ш. жолдон өтүп баратканда жеңил автоунаа коюп кетип, соккудан ал бир нече метрге ыргып кеткен.
Тез жардам кызматы келип, бирок жабырлануучунун өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Аялдын сөөгү моргго жеткирилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом