УКМКнын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

УКМКнын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 3-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү И.Иманбетов, Түп районунун акими К.Адиев, Башкармалыктын өздүк курамы жана ошондой эле ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышышты.

С.Жапаров өз сөзүндө кызматкерлерди УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап, тышкы жана ички коркунучтардан коопсуздукту камсыз кылууда, ошондой эле аймактык бүтүндүктү сактоодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өзгөчө ролун белгиледи.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттары бардык талаптарга жооп берет жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>