Садыр Жапаров Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын Достук стеласы менен тааныштыУлуу Британияда «Өлбөс полк» өтөтБишкекте Эркиндик бульварында «Жеңиш бульвары» аттуу концерт өтөтАмерикалык рэпер Flo Rida Москвадагы концертинде ак калпак кийгизиштиКыргызстанда «Өлбөс полктун» маршруту бекитилди — шаарлар боюнча толук маалымат6-май: Кыргызстандын айрым облустарында жаан жаайт, калган аймактарда — жаан-чачын күтүлбөйт
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүүдө
14.05.2023 | 14:02
Бүгүн, 14-майда Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүүдө.
Шайлоо тилкелери эртең мененки саат 08:00до иштей баштаган, алар 17:00до жабылат. Шайлоочулардын жалпы саны 64,1 миллионду түзөт. Алардын ичинен 3,4 млн адам чет өлкөдө жүрөт. Чет өлкөдөгү шайлоочулар үчүн добуш берүү мөөнөтү 9-майда аяктаган.
Президенттик шайлоодо үч талапкер ат салышууда. Алардын катарында азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган, оппозициялык Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу жана АТА альянсынан Синан Оган бар.
Мындан мурдараак дагы бир талапкер – “Мекен” партиясынын төрагасы Мухаррем Инже президенттик жарыштан чыкканын билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз