Түркиядагы мелдеш: Махмудовду уткан балбан ирандык спортчу менен мушташ чыгарды (видео)

Түркиядагы мелдеш: Махмудовду уткан балбан ирандык спортчу менен мушташ чыгарды (видео)

Түркияда өтүп жаткан Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинин жарым финалында 77 кг салмакта күрөшүп жаткан түркиялык балбан Йүксел Сарычичек менен ирандык спортчунун ортосунда мушташ чыкты.

Беттештин экинчи бөлүгүндө (кармаштын аяктарына 1 мүнөт 30 секунддай калган) Йүксел Сарычичек 7:3 эсебинде алдыда келе жаткан, бирок күрөштөн кача баштаган. Анын бул жоругу ирандыкка жакпай, калыс да түркиялык балбанга эскертүү берген.

Бир маалда кармаш учурунда ирандык спортчу атаандашын башы менен сүзгөндө (атайын сүзгөнүн же атайын кылбаганын айтуу кыйын), Йүксел Сарычичек ирандыкты бетке уруп жиберди. Андан кийин ирандык балбан да ачуусун кармай албай Сарычичекти бетке урду. Ортодо мушташ башталып кетип, четте турган адамдар ирандык балбанга жабылып кетишти. Калыстар, уюштуруучулар арачалап жатып мушташты токтотуп калышты.

Жыйынтыгында калыстар эки спортчуну тең таймаштан четтетти.

Эскерте кетсек, Йүксел Сарычичек 1/8 финалда кыргызстандык балбан Акжол Махмудовду 1:5 эсебинде жеңип алган. Бирок ал беттештеги калыстардын иши күйөрмандардын нааразылыгын жараткан. Себеби күйөрмандарда «калыс түркиялык спортчуга тартып койду» деген ой калган.

Эгерде Сарычичек финалга өткөндө, Махмудов көңүл жубатуучу беттешке чыгып, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүндүгү болмок. Бирок жарым финалда түркиялык жана ирандык балбандар таймаштан четтетилгендиктен, көңүл жубатуучу беттештер болор-болбосу белгисиз.

Калыс тартып койдубу? Махмудов Түркиядагы мелдеште жеңилди

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>