Түркиянын ички иштер министри «Ата-Бейит» комплексине барды

Түркиянын ички иштер министри «Ата-Бейит» комплексине барды

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, 8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков жана ИИМдин кызматтарынын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондордун, саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>