Түрмөлөрдүн бирине баңгизат алып кирүүгө далалат кылган 1993-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган. Анын “Шкода Октавиа” үлгүсүндөгү авто унаасынын ичинде эки таңгак табылып, анын ичинде спецификалык жыты бар өсүмдүк тектүү кочкул-гүрөң зат болгон. Салмагы 270 гр болгон. Аларды, М.А. жаран, бул“гашиш” баңгизаты деп атаган. Андан соң унаанын “багажынан” “Фрима” кургак сүтүнүн эки баштыгына да 1 кг 735 граммдык маңзатын салып алганы аныкталган.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен Милициянын баңгизаттарка каршы күрөшүү кызматы биргеликте иш алып барышкан.
Кылмышка шектүү 10-сентябрда кылтакка илинген.
Азыркы учурда, бул фактыга катыштыгы барларды териштирип жатышат.