U-23: Токтомамбетов менен Бекзат Алмаз уулу Азия чемпиону болду

U-23: Токтомамбетов менен Бекзат Алмаз уулу Азия чемпиону болду

Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы Азия чемпионатынын үчүнчү күнүндө эркин күрөш боюнча эки балбан алтын, бирөө күмүш байге тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия  жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 70 кг салмакта Орозобек Токтомамбетов жана 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу алтын утуп, Азия чемпиону болгон.

Ошондой эле, 97 кг салмакта Каныбек Абдулхаиров күмүш байгеге татыган.

Эскерте кетсек, 23-жашка чейин балбандар арасындагы Азия чемпионаты 15-июнда башталган, бүгүн, 18-июнда жыйынтыкталат. Мелдештин акыркы күнүндө эркин күрөш боюнча таймаштар өтөт.

Орозобек Токтомамбетов
Бекзат Алмаз уулу
Каныбек Абдулхаиров
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>