Садыр Жапаров Таластан кийин Жалал-Абадга учуп барды

Садыр Жапаров Таластан кийин Жалал-Абадга учуп барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кербен шаарындагы «Караван» аэропортун модернизациялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда аэродромду оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө, ошнодой эле, учуп-конуучу тилке кеңейтилет. Ал 1972-жылы пайдаланууга берилген.

«Аэропортто ички аба каттамдарды тейлей турган аэровокзал бар. Бишкек — Кербен — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдар коммерциялык жүктүн жоктугуна байланыштуу токтотулган. Бул каттам боюнча акыркы рейс 2007-жылы жасалган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, учурда «Караван» аэропортун модернизациялоо иштери дээрлик аяктап, июль айынын аягына чейин аэровокзалдын ишке берилиши пландалууда. Алар аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

Эскерте кетсек, бүгүн, 17-июнда Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна чейин Талас облусунда иш сапар менен болуп, Таластагы аэропортту жаңылоо иштери менен таанышып, УКМКнын имаратынын ачылышына катышкан.

УКМКнын Таластагы башкармалыгы жаңы имараттуу болду (сүрөт)

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>