CAFA NATIONS CUP: Кыргызстан 3-орун үчүн ким менен ойнору белгилүү болду

CAFA NATIONS CUP: Кыргызстан 3-орун үчүн ким менен ойнору белгилүү болду

CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин алкагында Кыргызстандын футбол курамасы менен үчүнчү орун үчүн ойной турган команда белгилүү болду.

Кыргызстандын футбол бирикмеси билдиргендей, 17-июнда аталган мелдештин алкагында «А» тайпасында жыйынтыктоочу беттештер болуп өткөн. Анда Түркмөнстан Оман жана Өзбекстан Тажикстан менен ойногон. Бул оюндарда Оман менен Өзбекстан жеңүүчү чыккан. Ошону менен өз тайпасында 9 упай менен сап башында турган Өзбекстан биринчи орун (Өзбекстан эки оюндун жыйынтыгы менен эле финалга өткөн), ал эми, 4 упай менен экинчи орунду ээлеген Оман коло байге үчүн беттеш өткөрөт.

Эскерте кетсек, CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин алкагында «В» тайпасындагы акыркы оюн 16-июнда өткөн. Анда Иран Кыргызстанды 5:1 эсебинде уткан.

«В» тайпасында Иран биринчи орунду, Кыргызстан экинчи орунду ээлеген. Ага ылайык Иран алтын, Кыргызстан коло байге үчүн ойной турган болгон.

Үчүнчү орун үчүн оюн 20-июнда Ташкентте өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Азия кубогунун финалдык баскычында Оман курамасы менен бир тайпада жайгашкан. Бул эки курамадан тышкары тайпада Сауд Арабия менен Таиланд бар.

CAFA NATIONS CUP: Кыргызстан Иранга утулду, эми 3-орун үчүн ойнойт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>